Новосибирск шаарында өткөн Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган“Кыргызстандын жандуу тарыхы” сүрөт көргөзмөсү тууралуу

2024-жылдын 3-июнунда КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу Новосибирск мамлекеттик аймактык илимий китепканасы менен биргеликте китепкананын аянтында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган“Кыргызстандын жандуу тарыхы” сүрөт көргөзмөсүн уюштурду.

Маалыматтык плакаттарда 1924-1926-жылдардагы Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви тарабынан берилген фотодокументтер: партиялык жетекчилердин портреттери, Кыргызстандын эл чарбасынын калыптанышынын далилдери, газеталардын жазуулары ж.б.у.с. документтер илинди.

Фотокөргөзмөнүн ачылыш аземине Новосибирск облусунун губернаторунун администрациясынын, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин жана Новосибирск облусунун Маданият министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле Новосибирск шаарынын Улуттар аралык достугу үйүнүн өкүлдөрү жана кыргыз диаспорасы катышты.

Иш-чаранын алкагында Новосибирск облусунун кыргыз диаспорасынын чыгармачыл тобу тарабынан музыкалык оюн уюштурулуп, комузда кыргыз күүлөрү аткарылды. Сүрөт көргөзмө 2024-жылдын 30-июлуна чейин уланат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK