Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ливандын Тышкы иштер жана эмигранттар иштери боюнча министри Абдалла Бу Хабиб менен жолугушту

2022-жылдын 22-сентябрында Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ливан Республикасынын Тышкы иштер жана эмигранттар иштери боюнча министри Абдалла Бу Хабиб менен жолугушту.
Визасыз режимдин географиясын кеңейтүү максатында жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Ливан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 
Дипломаттык, кызматтык жана атайын паспортторунун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.
Жолугушуунун соңунда, Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жана ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү ниетин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK