"НЖ строй" ЖЧКсында эмгек ишмердүүлүгү менен алектенген Кыргыз Республикасынын жарандарына эмгек акы төлөнбөгөн факты боюнча маалыматтык билдирүү

"НЖ строй" ЖЧКсында эмгек ишмердүүлүгү менен алектенген Кыргыз Республикасынын жарандарына (49 адам) эмгек акы төлөнбөгөн факты боюнча, 2021-жылдын 5-августунда консулдук бөлүмдүн кызматкерлери жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүштү.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бардык 49 мекендешибизге 3 миллион 412 миң 420 рубль өлчөмүндө эмгек акы төлөнүп берилди. Бул иш-чара Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону уюштуруунун алкагында өтүп жатат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK