Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык -консультациялык борбору тарабынан уюштурулган онлайн-семинарга катышты

2021-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык -консультациялык борбору тарабынан уюштурулган онлайн-семинарга катышты. Семинарга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Мадмаров, ТИМ алдындагы тышкы миграция департаментинин директору Т.Каймазаров, ТИМге караштуу ТМД МККнын директору Акматбеков К.А. жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери катышты.

Семинар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги №169 «Чет өлкөдө каза болгон кыргыз жарандарынын Кыргыз Республикасына сөөгүн мекенине алып келүү менен байланышкан чыгымдарды төлөө боюнча чаралар жөнүндө»  (жүк-200) токтомунун аткарылышынан келип чыккан маселелерди талкуулоо үчүн уюштурулган.

Элчиликтин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын жакындарына бир жолку төлөмдөрдү берүү тартиби боюнча токтомдун жана нускаманын аткарылышын жакшыртуу боюнча маселелерди көтөрүп, сунуштарды киргизди.

Ошону менен бирге, Элчилик зарыл болгон документтерди толугу берген тапшырган адамдарга «Жүк 200» үчүн компенсация төлөөнү үзгүлтүксүз негизде улантып жаткандыгын билдирет.

Кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ТМД МККнын расмий сайтынан www.migrant.kg алууга болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK