Оман Султаны Хайсам бин Тарик Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Оман Султаны Хайсам бин Тарик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Курман айт (Эйд Аль-Адха) майрамынын урматына Сиздерге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жеткирүү биз үчүн чоң кубаныч.

Сизге бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми достук мамиледеги элиңизге мындан ары да өнүгүп-өсүүнү тилейм.

Ушундай берекелүү күндү кайрадан келиши менен Аллах Тааладан мусулман жамаатына ырайымдуулук жана жакшылыкты суранабыз», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK