Омск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулуна Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ардак грамотасын ыйгаруу жөнүндө

2024-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.К.Атаханов Омск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу Н.Исабек уулун кабыл алып, Н.Исабек уулунун Кыргыз Республикасынын Омск облусу менен аймактар аралык кызматташтыгын арттырууга, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон салымы, ошондой эле Омск облусунда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына жана мекендештерине жардам көрсөтүүсүн эске алуу менен, ага Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаевдин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ардак грамотасын тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.К.Атаханов ардактуу консул Н.Исабек уулуна жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, ата мекендик бизнесмендер тарабынан чет өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча иштер улантылаарына ишеним билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK