Пакистандын Пенжаб провинциясынын Лахор шаарында Кыргызстандын Соода үйүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү

2022-жылдын 23-декабрында Пакистандын Пенжаб провинциясынын Лахор шаарында Кыргыз Республикасынан Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяевдин жана Пенжаб провинциясынын Инвестициялар жана соода боюнча кеңешинин төрагасы Фазил Асиф Жахдын катышуусу менен, Кыргызстандын Соода үйүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Соода үйү Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин демилгеси менен кабыл алуучу өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен биргеликте ата-мекендик товарларын Пакистандын рыногунда илгерилетүү максатында ачылган.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Элчи У.Тотуяев Пакистан географиялык жайгашуусун жана эки тараптуу мамилелердин деңгээлин эске алуу менен Кыргызстан үчүн экспорттук-импорттук мамилелерди өнүктүрүү боюнча келечектүү багыт экенин белгиледи. Ушуга байланыштуу, ал Пакистандын эң активдүү бизнес шаарларынын биринде соода үйүн ачуунун маанилүүлүгүн канааттануу менен белгиледи жана жакынкы келечекте натыйжалуу өз ара аракеттенүү аркылуу сооданын деңгээли жана жалпысынан Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерды сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгараарын канааттануу менен билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн продукциянын кеңири ассортименти, атап айтканда, тамак-аш, улуттук суусундуктар, сувенирлер тартууланды. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү боюнча материалдар көрсөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK