Элчи К.Ѳмүралиев КРнын Жогорку Кеӊешинин Бюджет жана каржы комитетинин Төрагасы Эмил Токтошев жана КРнын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым Укуктуу Ѳкүлү Алтынбек Намазалиев менен биргеликте кыргыз студенттери жана жарандары менен жолугушуу ѳткѳрүштү

2020-жылдын 19-январында Караман шаарына болуп ѳткѳн сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Бюджет жана каржы комитетинин Төрагасы Эмил Токтошев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым Укуктуу Ѳкүлү Алтынбек Намазалиев менен биргеликте кыргыз студенттери жана жарандары менен жолугушуу ѳткѳрүштү.

Жолугушууда кыргыз студенттеринин Караман провинциясында жашоо жана окуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкууланды. Кыргыз студенттери Караманда окуу жана жашоо шарттары тууралуу айтып беришти жана бир канча маселелер боюнча кѳмѳк кѳрсѳтүүнү ѳтүнүштү, анын ичинде Түркиядагы гранттын негизинде стипендия алуу, жатакана жана медициналык камсыздандыруу менен камсыз кылуу боюнча.

Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине Элчилик терең маани берип, алардын көйгөйлөрүн чечүүгө жардам бере тургандыгын билдирди. 

Түркиянын Жогорку окуу жайларында окуу үчүн гранттык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалыматты камтыган Элчиликтин материалдары студенттерге таратылды. Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев стипендия, жатакана жана медициналык камсыздандыруу маселелерин Губернатор Фахри Мерал, Мэр Саваш Калайджы жана Караманоглу Мехметбей Университетинин Ректору Мехмет Акгүл менен талкуулай тургандыгына ишендирди.

Депутат Эмил Токтошев жана Губернатор Алтынбек Намазалиев үстүбүздѳгү жылдын 19-21 январында Караман шаарындагы бизнести өнүктүрүү боюнча Экинчи Кыргыз-Түрк форумуна катышкандыгы тууралуу маалымат берип ѳтүштү. Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча өз көз караштары менен бөлүштү, Кыргызстандын жарандары кѳтѳргѳн маселелер боюнча жардам берүүгө даяр экендигин билдиришти жана биримдик менен ынтымакка чакырышы.

Караманоглу Мехметбей Университетинин Ректору Мехмет Акгүл менен болгон жолугушууда, тараптар Кыргызстандан келген студенттердин санын кѳбѳйтүү зарылдыгы боюнча, медициналык факультеттин негизинде студенттерге медициналык жардам берүү жана аларды жатакана менен камсыз кылуу, ошондой эле Университеттин аймагында Чыӊгыз Айтматовдун эстелигин тургузуу боюнча макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK