Президент Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады.

«Бул ыйык күндө биз келечек муундун бейпил жашоосу үчүн согуш талааларында жана тылда жан аябай салгылашып отуруп фашизмди жеңген ата-бабаларыбыздын теңдешсиз эрдигин өзгөчө сыймыктануу, ыраазычылык сезимдер менен белгилейбиз. Бузулбас достуктун, бир боордоштуктун жана өз ара колдоонун эчактан бери келаткан салттары мындан ары да Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы ынак коңшулукту жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого бекем негиз болуп кызмат кыла берерине ишенем», — деп айтылат Касым-Жомарт Токаев жөнөткөн куттуктоодо.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK