Президент Садыр Жапаров JICA Президенти Акихико Танаканы кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-сентябрда, Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Президенти Акихико Танаканы кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Япония эл аралык кызматташтык агенттиги ортосундагы кызматташуу жана аны мындан ары кеңейтүүнүн келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы кыргыз тарапка колдоо көрсөтүп келгени үчүн япон элине жана JICA агенттигине ыраазычылык билдирип өттү. Кыргызстан Японияны демократиялык өнүгүү жолунда жакын дос жана узак мөөнөттүү өнөктөш катары кабыл алат. Дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жыл аралыгында саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча бай тажрыйба топтолду.
Өлкөбүздүн туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жаткан Агенттиктин ишмердүүлүгүн Кыргызстан жогору баалайт.

JICA менен биргелешкен долбоорлор тууралуу айтып жатып, Садыр Жапаров өз сөзүндө транспорт тармагы, жаңы технологияларды, анын ичинде "жашыл" жана кайра жаралуучу энергия булактарын киргизүү, айыл чарбасы, суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, инфраструктураны жана гидроэнергетиканы модернизациялоо сыяктуу кызматташтык багыттарына басым жасады.

Президент 12 жыл мурун Кыргызстанда JICA Агенттиги тарабынан ишке киргизилген, биргелешкен ийгиликтүү «Бир айыл – бир продукт» долбоорун белгиледи. Бүт өлкө боюнча ишке ашыруу максатында бул долбоорго улуттук макам берилген. Долбоорду кеңейтүүнүн максаты – «Бир айыл – бир продукт» аркылуу чакан бизнести жүргүзүүнүн туруктуу моделин жайылтуу, кирешелүү «Бир айыл – бир продукт» продукциясын өндүрүүнү көбөйтүү, алардын сапатын жакшыртуу жана туруктуу экосистеманы түзүү.

Мындан башка Садыр Жапаров өлкөнүн мамлекеттик кызматкерлерин Япониянын жогорку окуу жайларында окутуу боюнча Япония Өкмөтүнүн гранттык программасы (JDS) иштеп жатканын белгилеп өттү. 
Анын бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү бүгүнкү күндө Кыргызстандагы мамлекеттик жана муниципалдык органдарда ийгиликтүү иштеп жатышат.

Кыргызстан менен JICAнын узак мөөнөттүү кызматташтыгын эске алып, Президент JICAнын Бишкектеги Өкүлчүлүгүнүн макамын Регионалдык деңгээлге чейин көтөрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Президенти Акихико Танака жылуу кабыл алуу жана жеке жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал мындан да ийгиликтүү жана жемиштүү боло турган “Бир айыл – бир продукт” ийгиликтүү долбоорун белгилеп, анын улуттук статусун канааттануу менен баса айтты.

JICA Президенти жаңы жумуш орундарын түзүү жана өндүрүлгөн продукцияны экспорттоодон пайда алуу жолу менен оң натыйжаларды көрсөткөн бул долбоордун алкагында мындан аркы кызматташуу үчүн чоң потенциал бар экенин кошумчалады.

Муну менен катар Акихико Танака JDS программасына токтолуп, анын арты менен Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери мамлекеттик кызматта алдыңкы орундарды ээлеп, ошону менен Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтыктын бекем пайдубалын түптөп жатат.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоону макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK