Президент Садыр Жапаров Абу-Даби шаарындагы БАЭ баатырларына арналган “Wahat Al Karama” комплексине гүлчамбар койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда, Абу-Даби шаарындагы Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) баатырларына арналган “Wahat Al Karama” (“Ар-намыс оазиси”) комплексине барды.

Мамлекет башчысы каз катар тизилген Ардак кароол аркылуу өтүп, мемориалга гүлчамбар коюп, БАЭнин өз өлкөсү үчүн курман болгон жоокерлеринин, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, дипломаттары менен жарандык кызматкерлеринин элестерине таазим кылды.

Президент Садыр Жапаров комплексти көрүп чыгып, Ардактуу меймандар китепчесине каалоо-тилектерин жазып калтырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK