Президент Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен келди

Кыргыз Республикасынын Президенти бүгүн, 7-июнда, Эл аралык Астана форумуна катышуу үчүн Астана шаарына (Казакстан Республикасы) иш сапары менен келди.

Мамлекет башчынын борту Нурсултан Назарбаев эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Алтай Кульгинов тосуп алды.

Сапардын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров "Диалог аркылуу кыйынчылыктарды жеңүү: кызматташтык, өнүгүү жана прогресс жолунда" темасындагы форумдун пленардык сессиясына катышат. Ошондой эле бул диалогдук аянтчанын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда.

Форум Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин патронажы астында өтүп жатат, анда тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүшү жөнүндө сөз болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK