Президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен бирге региондогу өлкөлөрдүн өнөр жай продукцияларынын жана улуттук тамак-аш көргөзмөлөрүнө барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-августта, Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында болуп өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнөр жай продукцияларынын жана улуттук тамак-аш көргөзмөлөрүнө барды.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусу жыйынтыкталган соң, Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен биргеликте Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнөр жай продукцияларынын көргөзмөсүнө барды.

Мамлекет башчыларына алгач көргөзмө жөнүндө видеотасма көрсөтүлдү. Андан кийин өлкө лидерлери Түркмөнстандын экономикалык, мунай- газ, айыл чарба, транспорт жана өнөр жай потенциалын чагылдырган стенддер менен таанышты.

Ошондой эле боордоштук жана достуктун символу болгон тыт дарагынын инсталяциясын көрүшүп, андан ары мамлекет башчылары Борбор Азия өлкөлөрүнүн көргөзмө павильондорунан кабар алышты.

Өнөр жай көргөзмөсүн көрүп чыккандан кийин мамлекет башчылары улуттардын тамак-аш көргөзмөлөрү менен таанышты.

Президент Садыр Жапаров жана региондогу өлкө лидерлери Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын улуттук стилдеринде жасалгаланган боз үйлөрдү кыдырып көрүштү. Анда ашпоздор өз өлкөлөрүнүн улуттук тамак-аштарын көрсөтүштү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK