Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Абу-Даби шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Абу-Даби шаарына келди.

Мамлекет башчысынын учагы Абу-Даби шаарындагы эл аралык аэропортуна конду.

Флагштокторго Кыргызстан менен БАЭ туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Ушул эле жерде Президент Садыр Жапаров менен БАЭ энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл бин Мохаммед Фарадж Фарис Аль Мазруэй менен кыскача баарлашуу болду.
Эске салсак, иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK