Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 18-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Өлкө лидерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты.

Садыр Жапаров Владимир Путинге учурдагы абал, кыргыз тараптан каза болгондордун жана жабыркагандардын саны, кагылышуулардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилердин талкаланышы жөнүндө маалымдады. 

Эки тараптан тең Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кризистик кырдаалды тынчтык дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK