Президент Садыр Жапаров ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы катчы Кубанычбек Өмүралиев ТМУнун Катчылыгынын учурдагы ишмердүүлүгү, Уюмдун алкагында кызматташуунун бардык багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнүн абалы жана келечеги тууралуу айтып берди.

Ошону менен бирге Кубанычбек Өмүралиев Азербайжанда өтүүчү ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна карата даярдык иштери тууралуу маалымат берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK