Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 29-сентябрда Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-түрк кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурушту.

Президент Садыр Жапаров Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, алар адамзат цивилизациясынын мурасы катары дүйнөдө этноспорт жана этномаданий кыймылды өнүктүрүүгө багытталганын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүккө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK