Президент Садыр Жапаров ЖККУнун саммитине катышуу үчүн Душанбе шаарындагы «Улут сарайына» келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн «Улут сарайына» келди.

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун учурашуусунан соң, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары биргеликте сүрөткө түшүштү.

Андан соң уюмга катышуучу-өлкөлөрдүн лидерлери күн тартибин тар чөйрөдө талкулоо үчүн жыйындар залына киришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK