Президенттин Администрациясында Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун эстелигин колодон кайра жасоо маселеси талкууланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов Россия Федерациясынын Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Василий Козлов менен жолугушту.

Жолугушууга Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы (Россия Федерациясы) башкы консулу Руслан Бийбосунов жана орус скульптору Иван Дубровин дагы катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнөктөшү экени жана анын региондору менен өз ара байланыштарды кеңейтүү эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошумча дем берери белгиленди.

Пикир алышууда Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун атын алып жүргөн паркта анын эстелигин даярдоо маселеси талкууланды.

Россия тарап Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Россия Федерациясынын Свердлов облусунун администрациясынын колдоосу менен Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун эстелигин окшош кылып колодон кайра жасап, Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү демилгесин көтөрүп чыгышты.

Президенттин Администрация Жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов эстеликти кайра жасоо демилгеси үчүн россия тарапка ыраазычылыгын билдирип, тиешелүү мамлекеттик органдарга уюштуруу иштеринде ар тараптуу колдоо жана көмөк көрсөтүүнү тапшырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK