"Connect.KG"  IT EXPO иш-чарасын даярдоо жана өткөрүү боюнча өнөктөштөр менен онлайн режиминде жолугушуу болуп өттү

Ушул жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы саясий департаментинин директору (Экономикалык дипломатия департаменти) Э.Өмүралиев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан экономикалык дипломатия боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, "Connect.KG"  IT EXPO иш-чарасын даярдоо жана өткөрүү боюнча өнөктөштөр менен онлайн режиминде жолугушуу болуп өттү, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын жетекчилиги кыргыз тарабынан жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү жана ЕБ, Улуу Британия, Япония, Түштүк Корея жана Германиянын дипломатиялык миссияларынын катышуусунда.

Консультациялардын күн тартибиндеги негизги маселе - бул 2021-жылдын март айында видеоконференция форматында өтө турган «Connect.KG» IT EXPO иш чарасы болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар учурда Кыргызстанда IT тармагын өнүктүрүүдө абдан оң тенденция байкалып жана жаштардын бул тармакка кызыгуусу өсүп жаткандыгын белгилешти. Жолугушуунун катышуучулары АКШ, Улуу Британия, Япония, Корея, ЕБ өлкөлөрү жана башка кызыкдар болгон мамлекеттердин алдыңкы IT компанияларынын катышуусунда эл аралык деңгээлде IT EXPO өткөрүүгө даяр экендигин билдиришти. Ошондой эле, бул процесске Кыргызстандын кызыкдар бизнес ассоциацияларын, программалык камсыздоо инженерлерин, IT адистерин даярдоо тармагындагы уюмдарды тартуу пландаштырылууда. Бул иш-чара Кыргызстандагы IT/стартап-компанияларга тажрыйба алмашуу жана бизнес-аутсорсинг боюнча дүйнөнүн алдыңкы компаниялары менен кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүк түзөт деп күтүлүүдө.

Консультациялардын жыйынтыгында тараптар 2021-жылдын 15-19-мартында «Connect.KG» IT EXPO иш-чарасын өткөрүү тууралуу макулдашышты.

Учурда жогорудагы иш-чаранын CONNECTKG.COM  аттуу сайты түзүлүп, анда бул өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын катышууга кызыкдар болгон компаниялары катышуу үчүн акысыз каттоодон өтүп, бардык керектүү маалыматтарды ала алышат. Мындан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы ЭКСПО жөнүндө маалыматтарды жайылтуу боюнча активдүү SMM кампаниясын баштайт.

ЭКСПО иш-чарасы USAIDдин жардамы менен өткөрүлөт жана анын программасында АКШнын жана Кыргыз Республикасынын IT жаатындагы алдыңкы компанияларында иштеген Кыргызстандын кесипкөй адистеринин баяндамалары жана презентациялары, ошондой эле IT боюнча B2B төмөнкү бөлүмдөрү бар:

- электрондук соода,

- бизнес чечимдер,

- каржылык технологиялар,

- билим берүү,

- туризм,

- саламаттыкты сактоо жана илим,

- электрондук өкмөт,

- жаңы технологиялар ж.б.

Иш-чаранын негизги максаты – Кыргыз Республикасынын IT-секторуна керектүү эл аралык коомчулуктун көңүлүн бура турган иштиктүү платформаны түзүү боюнча конкреттүү жыйынтыктарга жетишүү, ошондой эле учурда иштеп жаткан IT-компанияларга чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, IT-кызматтарын экспорттого жана Кыргызстандын IT-компаниялары менен АКШ, Улуу Британия, ЕБ, Япония жана Түштүк Кореянын алдыңкы IT-компанияларынын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө түрткү берүү, экономиканы стимулдоо, жумуш орундарын түзүү жана кыргыз жаштарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Иш-чара Кыргызстандын IT-индустриясынын Борбор Азиянын IT-Хабы катары калыптанышына, эл аралык рынокко чыгуусуна жана тышкы экономикалык байланыштардын кеңейишине чоң салым кошот деп болжолдонууда.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK