Резиденциясы Эр-Рияд шаарында жайгашкан Кыргызстандын Бахрейндеги Элчиси Улукбек Марипов Бахрейндин Премьер-министри жана Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысынын орун басары Мураскер Ханзаада Улуу Даражалуу Салман бин Хамад Аль Халифага ишеним грамотасын тапшырды

2023-жылдын 10-январында Манама шаарында резиденциясы Эр-Рияд шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Бахрейн Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Мариповдун Ишеним грамотасын Бахрейн Падышалыгынын Премьер-министри жана Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысынын орун басары Мураскер Ханзаада Улуу Даражалуу Салман бин Хамад Аль Халифага тапшыруу аземи болуп өттү.

Салтанаттуу азем учурунда Элчи У.Марипов Бахрейн Падышасы Улуу Даражалуу Хамад бин Иса Аль Халифага жана Бахрейн элине Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун саламын жана жылуу каалоолорун жолдоду.

Элчи У.Марипов дипломатиялык миссиясынын жүрүшүндө эки дос өлкөнүн ар түрдүү тармактардагы мамилелерин мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Улуу Даражалуу Мураскер Ханзаада Салман бин Хамад Аль Халифа Элчи У.Мариповду дайындалышы менен куттуктап анын бул жогорку кызматта иштөөсү кыргыз-бахрейн мамилелеринин мындан аркы ар тараптуу өнүгүүсүнө кызмат кылаарына ишенимин билдирди, ошондой эле дипломатиялык миссиясында жемиштүү ишмердикти жана ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK