Резиденциясы Эр-Рияд шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бахрейн Падышалыгындагы Элчиси Улукбек Мариповдун Бахрейн Падышалыгына жумушчу сапары болуп өттү

2023-жылдын 30-майында Резиденциясы Эр-Рияд шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бахрейн Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Мариповдун Бахрейн Падышалыгына жумушчу сапары болуп өттү.

Сапардын алкагында Элчи У.Мариповду Бахрейн Падышалыгынын Мураскер Ханзаадасы, Премьер-министри жана Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысынын орун басары Улуу Даражалуу Салман бин Хамад Аль Халифа кабыл алды.

Жолугушууда Элчи У.Марипов Бахрейн Падышасы Улуу Даражалуу Хамад бин Иса Аль Халифага жана Бахрейн элине Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун саламын жана жылуу каалоолорун жолдоду.

Ошондой эле, Элчи У.Марипов Бахрейндин Мураскер Ханзаадасына кыргыз-бахрейн мамилелерин өнүктүрүүнүн конкреттүү багыттарын, ошондой эле эки дос өлкөнүн ар түрдүү тармактардагы ар тараптуу жана жемиштүү кызматташтыгын кеңейтүү боюнча сунуштарды камтыган Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаровдун атайын кайрылуусун тапшырды.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттарын жана алардын түрдүү тармактардагы өнүгүү келечегин талкуулашты. Биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө, анын ичинде бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууга, ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнүн натыйжалуу механизмдерин түзүүгө өзгөчө басым жасалды.

Жолугушуунун соңунда Мураскер Ханзаада Салман бин Хамад Аль Халифа Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө жана элине эң жакшы каалоолорун жолдоду.

Элчи У.Марипов Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаровдун атынан Улуу Даражалуу Салман бин Хамад Аль Халифаны каалаган ыңгайлуу учурда Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK