Резиденциясы Эр-Рияд шаарындагы Кыргызстандын Бахрейндеги Элчиси Улукбек Марипов Бахрейндин Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка Департаментинин директору Элчи Фатима Абдулла Фарес Алдхан менен жолугушту

Бахрейн Падышалыгына жумушчу сапарынын алкагында 2023-жылдын 30-майында Резиденциясы Эр-Рияд шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бахрейн Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Бахрейндин Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка Департаментинин директору Элчи Фатима Абдулла Фарес Алдхан менен жолугушту.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министри Ж.Кулубаевдин Бахрейнге өткөн жылдагы расмий сапарынын жыйынтыктарын канааттануу менен белгилешип, сапардын жүрүшүндө жетишилген бир катар өз ара макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашырууну улантуу ниетин билдиришти.

Эки жана көп тараптуу өз ара аракеттенүү форматтарда кыргыз-бахрейн мамилелеринин өсүп жаткан динамикасын канааттануу менен белгилеп, тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын бардык спектринин учурдагы абалын, ошондой эле аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү аркылуу саясий байланыштарды активдештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү аспектилерине токтолуп, тараптар өнөктөштүктү бекемдөөгө жана эки тараптуу байланыштарды диверсификациялоого, БУУ, ИКУ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында колдоо көрсөтүү боюнча тыгыз кызматташтыкты улантууга өз ара каалоолорун ырасташты.

Элчи У.Марипов Кыргыз Республикасынын Бахрейн Падышалыгы менен өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда ырааттуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө бекем ниетин билдирди.

Өз кезегинде директор Ф.Алдхан Бахрейн Падышалыгынын жетекчилигинин Кыргыз Республикасы менен салттуу достук мамилелерди жана жемиштүү өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоо жана бекемдөө ниетин ишендирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар алдыдагы жогорку деңгээлдеги сапарлардын жүрүшүндө кол коюу пландалып жаткан түрдүү тармактардагы келишим долбоорлорун илгерилетүү боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK