РФ укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин белгисиз жаранга карата күч колдонгону тууралуу видеоматериал боюнча маалыматтык билдирүү

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги социалдык тармактарда Россия Федерациясынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин белгисиз жаранга карата күч колдонгону тууралуу видеоматериал боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди.

Учурда Элчилик окуянын чоо-жайын тактоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Ошондой эле Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарынан жана жалпыга маалымдоо каражаттарынан социалдык түйүндөрдө деструктивдүү мүнөздөгү такталбаган маалыматтарды жана комментарийлерди таркатпоого чакырат.

Ошол эле учурда бул иш боюнча кошумча маалымат берилерин белгилейбиз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK