Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин ММЭМИ программаларына катышуу үчүн талапкерлерди конкурстук тандоо боюнча маалыматтык билдирүү

Министрлик Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы кызматташтык программасынын алкагында 2024-2025-окуу жылына карата бакалавриат, магистратура жана аспирантура программалары боюнча Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун (РФ ТИМ ММЭМИ) сынагына катышуу үчүн абитуриенттерди конкурстук тандоо боюнча иш-чаралар өткөрүлгөндүгүн маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов төрагалыгы астында абитуриенттерди конкурстук тандоо боюнча комиссия Борбордук Азиядагы Америка университетинин Кошумча билим берүү борборунан англис тили боюнча тестирлөөнүн расмий жыйынтыктарын (магистратура жана аспирантура үчүн) алды жана Конкурстук тандоо эрежелерине ылайык РФ ТИМ ММЭМИге тапшыруу үчүн төмөнкү талапкерлерди сунуштайт:

 

МАГИСТРАТУРА

Абитуриенттин аты-жөнү

Багыт

1.

Мараимбеков

Нурсултан Кадырбекович

Эл аралык мамилелер

2.

Кайыпжанов Курсант Бакытбекович

Эл аралык мамилелер

3.

Дононбаев Марат Болотович

Юриспруденция

 

АСПИРАНТУРА

Абитуриенттин аты-жөнү

Багыт

1.

Султакеев Изат Эмилевич

Саясий илимдер жана регион таануу

2.

Ургазиева Диана Маратовна

Саясий илимдер жана регион таануу

Бакалавриат программаларына жарыяланган бардык талапкерлер сунушталат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK