Россия Федерациясынын Урал федералдык округунун региондорунун рыногуна чыгуу боюнча ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү

Кыргыз товар өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында 2021-жылдын 21-январында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы саясий департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илерилетүү жана коргоо агенттигинин жооптуу кызматкерлери менен биргеликте Россия Федерациясынын Урал федералдык округунун айрым региондорунун рынокко чыгышы боюнча биргелешкен аракеттерди талкуулоо жана иштеп чыгуу максатында ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү менен тегерек стол форматында жумушчу жолугушуу өткөрүштү. 

Аталган жолугушууга тамак-аш, айыл чарба жана кийим тигүүчү продукция өндүрүүчү  11 ата мекендик компания катышты. Катышуучулар ата мекендик продукцияны Свердлов, Челябинск, Тюмень жана башка областтарга илгерилетүү, дистрибьюторлор, регионалдык чекене тармактар, ошондой эле Россиянын Урал федералдык округунда чекене соода жүргүзгөн жеке ишкерлер менен өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Мамлекеттик органдардын кызматкерлери ишкерлерди кызыктырган суроолорго жооп беришти.  

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча экспорту илгерилетүү боюнча иш-чараларды, тактап айтканда Россиянын Урал федералдык округунда товарлардын жармаңкесин, ошондой эле  «InterFood Ural» (РФнын Екатеринбург ш.) көргөзмөсүнө катышуу сыяктуу иш-чараларды уюштуруу тууралуу алдын ала макулдашуулар жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK