Россияда аялдын киши колдуу болуп каза болгондугу боюнча КР ТИМинин 2023-жылдын 7-августуна карата маалыматтык билдирүүсү

Россиянын Москва облусунун Дмитров шаарында аялдын киши колдуу болуп каза болгондугу фактысы боюнча Кыргыз Рес публикасынын Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирди.

Алынган маалыматка ылайык, каза болгон 1979-жылы туулган А.А.М. жана аны өлтүрүүгө шектелген 1978-жылы туулган Ч.М.А., кыргызстандыктар жана Россия Федерациясынын жарандары болуп саналышат. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги өз компетенциясынын чегинде маркумдун жакындарына керектүү консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүүгө даяр.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK