Россиялык тараптан гуманитардык жардам катары калкта коронавирусту аныктоочу тест-системалардын бир нече партиясын Кыргызстанга жөнөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги коронавирустук инфекциянын мындан ары жайылып кетпөөсүнө каршы чара көрүү максатында жасалган иштердин жыйынтыгы боюнча жана КРсы менен РФнын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү колдоо алкагында, россиялык тарап гуманитардык жардам катары калкта коронавирусту аныктоочу тест-системалардын бир нече партиясын Кыргызстанга жөнөткөндүгүн маалымдайт.

2020-жылдын 3-мартынан 15-мартына чейинки убакыт аралыгында 7600 медициналык тест-система жардам иретинде жөнөтүлгөн.

2020-жылдын 21-мартында Роспотребнадзор 10 миң адамда аныктоочу тест-система комплектисин сунуштады.

КРнын РФдагы Элчилиги РФнын Өкмөтүнө жана Роспотребнадзорго жаңы коронавирустук инфекциянын мындан ары жайылып кетпөөсүнө  каршы иш-аракеттерде көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK