Россиянын «Путешествуй» туристтик форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук павильонунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү

2023-жылдын 8-июнунда Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин көмөгү менен Россиянын «Путешествуй» туристтик форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук павильонунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Кыргыз Республикасы форумга өнөктөш өлкө катары катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун делегациясынын Жетекчиси М.Усубалиев, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин өкүлдөрү сөз сүйлөдү. Россия тараптан Улуттук павильонго Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министринин орун басары Д.С.Вахруков, РФ Мамлекеттик Думасынын Туризм боюнча комитетинин төрагасы С.Тарбаев жана башкалар келишти.

2023-жылдын 8-июнунан 11-июнуна чейин Москва шаары, ВДНХ (55-павильон) дареги боюнча Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө жана потенциалына арналган масштабдуу экспозиция өтөт. Көргөзмөнүн программасына ишкердик байланыш аянтчасы жана туристтик фестиваль кирет. Мындан сырткары, Кыргызстандын туризм тармагынын өкүлдөрү менен алдыңкы россиялык жана чет өлкөлүк туроператорлордун ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK