Саат 20.00гө карата Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум өткөрүү боюнча маалымат

Бишкек убактысы боюнча саат 20.00гө  карата бүткүл элдик добуш берүүгө келгендердин жалпы саны  2789 КРнын жаранын түздү.

Бишкек убактысы боюнча саат 20.00дө РФдагы Южно-Сахалинск, Владивосток, Якутск, Иркутск, Красноярск шаарларындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Канцеляриясынын аймагында түзүлгөн референдумдун 13 участкалары, ошондой эле Япониядагы, Кореядагы, КЭРдеги, Малайзиядагы, Казакстандагы, Элчиликтерде, Гуанчжоу, Новосибирск, Алмата шаарларындагы Башкы консулдуктарда иштеп жаткан участкалар иштерин аякташты.

Азыркы учурда, бүткүл элдик добуш берүүнүн 35 участкаларында добуш берүү өтүп жатат.

Чет өлкөлөрдөгү бардык УШКлардагы референдум мыйзамдардын алкагында жана бардык эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өтүүдө, кандайдыр бир бузуулар байкалган жок.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK