Саха (Якутия) Республикасында жашап аткан Мекендештердин 15 жашка чейинки балдары арасында «Менин мекеним - Кыргызстан» деген темага Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Якутск шаарындагы Кеңсеси тарабынан сынак жарыяланган

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө алкагында, Саха (Якутия) Республикасында жашап аткан Мекендештердин 15 жашка чейинки балдары арасында «Менин мекеним - Кыргызстан» деген темага Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Якутск шаарындагы Кеңсеси тарабынан сынак жарыяланган.

Сынакка катышуучулар дил баянды 7-август күнү чакырылган адабият эжекенин жардамы менен Кеңседе жазышты. Ошол эле күнү атайын түзүлгөн комиссия жыйынтыгын чыгарып 1, 2 жана 3-чү орунду ээлегендерге акчалай сыйлык ыйгарылды.

Ошондой эле, Кыргызстан, залкар жазычуулар, атактуу адамдар жана белгилүү фактыларга байланыштуу кошумча суроолор болду. Ал суроолорго так жана туура жооп бергендерге, ырдагандарга белектер ыйгарылды. Баардык катышуучулар грамота менен сыйланды.

Балдарга мекенге болгон сүйүүсүн жана патриоттук тарбия берүү максатында, мындан ары балдардын Ата-энелери менен биргеликте мындай иш-чараларды спорт, адабият, маданият, сүрөт жана коомдук илимдер чөйрөлөрүндө өткөрүү жана көбөйтүү чечилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK