Шенген аймагынын визалык саясатындагы өзгөрүүлөр тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык билдирүүсү
![](/uploads/content/29570/b22519b1-008f-30c6-9613-f753bd2497ca.jpg)
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Шенген аймагынын визалык саясатындагы өзгөрүүлөр тууралуу маалымдайт.
2024-жылдын 11-июнунан тарта Шенген өлкөлөрүнүн визасы үчүн консулдук жыйымдар жогорулайт.
Ошентип, виза үчүн 90 евро алынат, ал эми 6 жаштан 12 жашка чейинки виза үчүн кайрылгандардан консулдук жыйым 45 евро түзөт.
Шенген мейкиндигиндеги дагы бир жаңылык бул аймакка Болгария менен Румыниянын жарым-жартылай кошулушу. 2024-жылдын 1-апрелинен тартып Болгария менен Румыния үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына Шенген аймагынын калган өлкөлөрүндө 180 күндүк мөөнөттүн ичинде 90 күнгө чейин жүрүүгө мүмкүндүк берүүчү С тибиндеги (кыска мөөнөттүү) Шенген визаларын бере баштады.
Министрлик, Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.