«ШКУ Хартиясынын 20 жылдыгы: тарыхы, жетишкендиктери, перспективалары» темасында тегерек стол уюштурулду

Үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан «ШКУ Хартиясынын 20 жылдыгы: тарыхы, жетишкендиктери, перспективалары» темасында тегерек стол уюштурулду.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы М.Азымбакиев, Тышкы иштер министринин орун басары А. Мадмаров, ТИМдин Дипломатиялык академиясынын ректору Ч.Адамкулова, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын элчилери, Индия Республикасынын убактылуу ишенимдүү    өкүлү жана Казакстан менен Россиянын элчиликтеринин өкүлдөрү катышты.

ШКУнун Башкы катчысы Чжан Мин иш-чаранын катышуучуларына видео билдирүү жөнөттүү. Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун жана Экономикалык саясатты изилдөө институтунун жетекчилери баяндама жасашты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы М.Азымбакиев өз сөзүндө Кыргыз Республикасы ШКУнун уюштуруучу мамлекет катары ШКУ Хартиясынын принциптерин жана жоболорун так сактайт жана анын мүчөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүүнү жактай тургандыгын белгиледи.

Иш-чаранын катышуучулары ШКУ Хартиясы дээрлик бардык тармактарды камтыган Уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн бардык спектрин өнүктүрүүнүн бекем укуктук негизин түзгөнүн баса белгилешти.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча катышуучулар ШКУну мындан ары чыңдоо максатында өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашышты.

Маалымат үчүн: ШКУ Хартиясы 2002-жылдын 7-июнунда Санкт-Петербургда Уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумунда ШКУнун максаттарын жана принциптерин, анын түзүмүн жана ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын чагылдырган уставдык документ катары кабыл алынган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK