Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги Швеция Королдугунун Стокгольм шаарына консулдук сапарын уюштурду

2021-жылдын 30-июлунан 4-августуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги Швеция Королдугунун Стокгольм шаарына консулдук сапарын уюштурду.

Бул сапардын алкагында Швециянын аймагында туруктуу жана убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызматтар көрсөтүлдү. Тактап айтканда, Кыргызстандын жарандары улуттук паспортторго (ID-карталар, жалпы жарандык паспорттор) тапшырганга, жарандык абалдын актыларын каттоого, ошондой эле консулдук-укуктук мүнөздөгү маселелер боюнча так консультацияларды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Кошумча аккредитацияланган өлкөлөргө консулдук сапарды уюштуруу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемесинин жоктугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин пландаштырылган иштеринин бир бөлүгү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилиги Стокгольм шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө, атап айтканда Эрмек уулу Тилек мырзага Кыргыз Республикасынын жарандарын кабыл алууну даярдоодо жана уюштурууда уюштуруучулук жана техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK