“Айкөл” иш-чарасынын алкагында Сириядагы КР жарандарын Мекенине кайтаруу өткөрүлдү

2023-жылдын 30-августунда кезектеги гуманитардык миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан лагерде турушкан Кыргыз Республикасынын жарандарын Мекенине кайтаруу боюнча “Айкөл” иш-чарасы өткөрүлдү.

Мамлекет башчысынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмаларына ылайык, 2023-жылдын 30-августунда Сириядан Кыргызстанга атайын учак менен Кыргызстандын жарандары алынып келинди. Алардын 31и аялзаты, ал эми 64ү жашы жете элек балдар.

Кыргыз Республикасынын жарандарын Сириядан репатриациялоонун экинчи этабынын ийгиликтүү ишке ашыруусу тышкы саясат, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана укук коргоо органдарынын макулдашылган өз ара аракеттенүүлөрүнүн жыйынтыгында ишке ашты.

Кыргыз тарап Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнө бул репатриация иш-чарасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ар тараптуу жардам жана материалдык-техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетине өзгөчө ыраазычылык билдирет.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын делегациясы аталган миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышында жашап турган калкынын муктаждыктары үчүн керектүү дары-дармектерди жеткиришип, гуманитардык жардам көрсөттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK