Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеевдин Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов менен жолугушуусу болуп өттү

Ушул жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеевдин Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар боордош шаарлардын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу маселелерин талкуулап, 2022-жылы Бишкек шаарынын мэри А.Джунушалиевдин Нур-Султанга иш сапарын уюштурууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK