Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) миссиясынын башчысы, Эл аралык миграция уюмунун Борбордук Азиядагы Регионалдык координатору Зейнал Гаджиев менен жолугушту

Бүгүн, 2021-жылдын 28-апрелинде  Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Казакстан Республикасындагы, Кыргыз Республикасындагы, Түркмөнстан Республикасындагы, Өзбекстан Республикасындагы миссиясынын башчысы, Эл аралык миграция уюмунун Борбордук Азиядагы Регионалдык координатору Зейнал Гаджиев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ЭМУнун  ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары, атап айтканда, адам сатууга каршы аракеттенүү жана ага каршы күрөшүү, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө эмгектенген мигранттарына колдоо көрсөтүү максатында жүргүзүлүп жаткан долбоорлор талкууланды. ЭМУнун Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки миграция саясатынын концепциясын иштеп чыгууга көрсөткөн жардамына ыраазычылык билдирилди. 
Пандемия учурунда ЭМУ тарабынан Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандарына берилген жардам жөнүндө маселе өзүнчө көтөрүлүп, Р.Казакбаев пандемиянын кесепетинен турмуштук оор кырдаалга кабылган эмгек мигранттарына үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле Р.Казакбаев ЭМУдан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памир аймагында жашаган этностук кыргыздарга кошумча гуманитардык жардам көрсөтүүсүн колдоого алуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.
ЭМУнун Борбордук Азиядагы Регионалдык координатору кызматташтыктын учурдагы деңгээлин жана Кыргыз Республикасынын Алматы процессине атап айтканда, мыйзамсыз жана чек арага жакын миграциянын көйгөйлөрүн чечүүгө катышуусунун маанилүүлүгүн жогору баалады.
Жолугушуунун аягында эки жак тең эки тараптуу  кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK