Үстүбүздөгү жылдын 1-майында Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Катар Мамлекетинин Премьер-министринин орун басары, Тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдулрахман Аль-Тани менен жолугушуу өткөрдү

Үстүбүздөгү жылдын 1-майында Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Катар Мамлекетинин Премьер-министринин орун басары, Тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдулрахман Аль-Тани менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн мамилелерин келечекте өнүктүрүү, анын ичинде саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде сапарларды уюштуруу маселелери каралды.

Тараптар өз ара кызматташтыкты активдештирүү боюнча биргеликте иштерди улантуу жөнүндө макулдашышты жана белгиленген эки тараптуу иш-чараларды иш-жүзүнө ашырылуусу кыргыз-катар мамилелерин жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүлүшүнө мүмкүчүлүк түзөт экендигин белгилешти. Шейх Мухаммед бин Абдулрахман Аль-Тани Нуран Ниязалиевге кыргыз-катар кызматташтыгына кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирип жана ага жаңы кызматта, КРнын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалганына байланыштуу албан албан ийгиликтерди каалап кетти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK