Токио Эл аралык көргөзмө борборунда Tourism EXPO Japan 2022 иш-чаранын ачылыш аземи болуп өттү

2022-жылдын 22-сентябрында Токио Эл аралык көргөзмө борборунда Tourism EXPO Japan 2022 иш-чаранын ачылыш аземи болуп өттү.

Кыргыз Республикасынан Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Туризм Департаменти, туристтик компаниялар - C. A. T. Company, Central Asia Tours, NoviNomad, Райан Тур жана MDL Silk Road катышып жатат.

Tourism EXPO Japan 2022 алкагында Кыргызстан жана Япониянын ишкер чөйрөлөрүнүн В2В жолугушуулары, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү боюнча презентация кылуу, ошондой эле ыр, бийлер жана улуттук музыкалдык аспаптарда аткаруу пландалууда.

Борбордук Азия өлкөлөрү менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгына карата Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) көмөгү менен Борбордук Азия өлкөлөрү бирдиктүү стенд менен катышып жатат.

Маалымдама: Tourism EXPO Japan 2014-жылы саякат жана туризм боюнча комплекстүү иш-чара жүргүзүү көргөзмөсү катары уюштурулган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK