Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Референдум тууралуу 2021-жылдын 10-январындагы басма сөзгө бидирүүсү

2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда болуп өткөн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум тынчтык жана бейпилдик абалында өткөндүгүн кубануу менен кабыл алдык.

Болуп өткөн президенттик шайлоонун жана референдумдун жыйынтыктары дос жана боордош Кыргызстанга  кут алып келсин.

Түркия Кыргызстанда жалпы камтылган жана социалдык консенсустун негизинде демократиялык процессин аягына чыгаруу багытында кабыл алынган кадамдарды колдойт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK