Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасында Кыргызстан менен Түркмөнстандын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү

2023-жылдын 15-17-июнунда Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасында Кыргызстан менен Түркмөнстандын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Кыргыз-түркмөн тегерек столу Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттиги жана Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулду. Жолугушууга кыргыз тараптан тамак-аш өнөр жайы, текстиль жана тигүү өнөр жайы, курулуш материалдарын өндүрүү, IT-технологиялар жана мунай химиясы тармагындагы 17 компаниянын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарага түркмөн тараптан курулуш материалдарын өндүрүү, транспорт жана логистика, тамак-аш өнөр жайы, текстиль өнөр жайы жана IT-технология тармагында иштеген 40 компаниянын өкүлдөрү жана ишкерлер катышты.

Жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, атап айтканда, өлкөлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстан менен Түркмөнстандын соода-өнөр жай палаталарынын активдүү өз ара аракеттенүүсү талкууланды.

Мындан тышкары, кыргыз-түркмөн тегерек столунун алкагында Кыргызстан менен Түркмөнстандын ишкерлеринин ортосунда эки тараптуу жолугушуулар болду.

Эки тараптуу жолугушуулардын жыйынтыгында биргелешкен иш-аракеттердин түрдүү багыттары боюнча кызматташуу жөнүндөгү 20дан ашык документтерге кол коюлду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK