Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын элчиси Габриэла Геллилди кабыл алды

2023-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Габриэла Геллилди кабыл алды.

Министр Элчи менен Германия менен кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Аймактык кызматташтык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, ошондой эле, 2023-жылы биргелешкен сапарларды жана иш-чараларды уюштуруу маселелери талкууланды. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK