Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысы И.Тасмагамбетов менен жолугушту

Ушул жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысы И.Тасмагамбетов менен жолугушту.

Тараптар Уюмдун алкагында кызматташууну мындан ары да бекемдөө боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы катчы 2023-жылдын төртүнчү кварталында Минск шаарында өткөрүлүшү пландалган Жааматтык коопсуздук Келишим Уюмунун Тышкы иштер министрлер Кеңеши, Коргоо министрлер Кеңеши жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйынына даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Министр Кыргыз Республикасынын ЖККУнун алкагындагы натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыгына кызыкдар экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK