Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы Владимир Воронков менен жолугушту

2024-жылдын 9-майында БУУнун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы Владимир Воронков менен жолугушту.

А.Исаев терроризмге каршы күрөшүү жана экстремизмди алдын алуу боюнча эл аралык жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасы колдой турганын билдирди. Кыргыз Республикасынын делегациясынын башчысы өлкөнүн Башкармалык менен болгон долбоордук жана программалык кызматташуусун мындан ары чыңдоого даярдыгын жана кызыкдар экендигин баса белгиледи. Буга байланыштуу жолугушууда тараптар БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы В.Воронковдун алдыдагы Кыргыз Республикасына боло турган иш сапарынын мазмундук бөлүгүн талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK