Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Түркиянын Кыргызстандагы Элчиси Ахмед Доганды кабыл алды

2021-жылдын 9-декабрында Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Түркиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ахмед Доганды кабыл алды.

Тараптар кыргыз-түрк саясий диалогунун жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеп, стратегиялык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты. Н.Ниязалиев жогорку деңгээлдеги жолугушууларда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле, тараптар социалдык өнүктүрүү жана маданий-гуманитардык кызматташуу жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашып, өлкөнүн региондорундагы калкынын кызыкчылыктарына жооп берген конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Түрк кызматташтык институттарынын, анын ичинде ТҮРКСОЙ сыяктуу маанилүү уюмдардын шайлануучу органдарына талапкерлерди өз ара колдоо маселеси каралды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK