Тышкы иштер министринин орун басары А.Молдогазиев Индонезия Республикасынын Элчиси С.Картадината менен жолугушту

2023-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин Индонезия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Сунарио Картадината менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Индонезия кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, халал-индустрия жана патенттик укук чөйрөсүндө мындан аркы өз ара аракеттешүү, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча перспективалар талкууланды.

Өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү максатында Тараптар саламаттык сактоо, маданият, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо жана спорт тармактарындагы типтүү макулдашуулардын долбоорлорун макулдашуу процессин тездетүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү боюнча жемиштүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Индонезиянын элчиси Сунарио Картадината Кыргыз Республикасы менен Индонезиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгын майрамдоонун алкагында үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында Индонезиянын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз-Индонезия бизнес форуму өтөөрүн маалымдады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар эки тараптуу мамилелерди бекемдөө жана өз ара кызыкчылык жараткан чөйрөлөрдө натыйжаларга жетишүү үчүн мындан ары да күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK