Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев генерал-майор Суреш Кумар баштаган Индиянын Улуттук Аскер Колледжинин делегациясын кабыл алды

2021-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Улуу Британия, Непал, Казакстан жана Индонезиянын офицерлеринен турган жана генерал-майор Суреш Кумар баштаган Индиянын Улуттук Аскер Колледжинин делегациясын кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары А.Артыкбаев аймактык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу маселелери, өзгөчө Афганистандагы кырдаалга байланыштуу, Кыргызстан менен Индиянын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи. Кыргыз Республикасы Афганистандагы тынчтыкты, бейпилдикти жана стабилдүүлүктү эртерээк орнотууну жактай тургандыгын маалымдады.

Эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташтык маселелерине токтолуп, А.Артыкбаев Кыргызстан менен Индиянын коопсуздук жана аскердик чөйрөдөгү кызматташуусу эки тараптуу жана көп тараптуу форматта натыйжалуу өнүгүп жаткандыгын баса белгиледи. Мындай сапарлар өлкөлөрдүн аскердик-техникалык чөйрөдөгү кызматташтыгын мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөт деген үмүт билдирилди.

Генерал-майор С.Кумар аймактык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү бекемдөөдө Кыргызстандын маанилүү ролун белгилеп, жылуу кабыл алууну уюштургандыгы үчүн делегациянын атынан ыраазычылыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK