Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Борбордук Азиянын тышкы иштер органдарынын жетекчилеринин Германиянын Тышкы иштер федералдык министри Анналена Барбок менен жолугушуусуна катышты

2022-жылдын 1-декабрында Лодзь шаарында (Польша) ЕККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинин алкагында Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Борбордук Азиянын тышкы иштер органдарынын жетекчилеринин Германиянын Тышкы иштер федералдык министри Анналена Барбок менен жолугушуусуна катышты.

Герман тараптын демилгеси менен өткөн жолугушуунун негизги максаты ЕККУнун алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Германия менен өз ара аракеттенүүсүн, ошондой эле башка актуалдуу маселелерди, анын ичинде аймактагы кырдаалды, кызматташтыкты өнүктүрүүнү экономикалык кызматташтык жана климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирине биргелешип каршы турууну талкуулоо болду.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын башчысы өз сөзүндө Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги багыттарынын бири катары Европа Биримдигинин мамлекеттери, тактап айтканда, Германия менен өз ара аракеттенүүнү белгиледи.

Борбордук Азияда саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, ишенимди чыңдоо чаралары Кыргызстан үчүн башкы приоритет болуп келгени жана болуп кала берээри баса белгиленди. Бул максатка жетүүнүн негизги механизмдеринин бири, кыргыз тараптын айтымында, Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультациялык жолугушуулары болуп эсептелет.

Жолугушуунун катышуучулары тарабынан аймактагы коопсуздукту чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Бул контекстте А.Молдогазиев чек ара коопсуздугун жана жакшы коңшулаштыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз тарап өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен, саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүлгүс позицияны карманаарын баса белгиледи. Ал ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн өздөрүнүн ортосунда да, Германия менен болгон мамилелеринде да практикалык жана соода-экономикалык кызматташууга басым жасоо менен аймактык кызматташтыкты бекемдөө зарылдыгын белгиледи.

Экологиялык маселелерге токтолгон Министрдин орун басары А.Молдогазиев өлкө жетекчилиги тарабынан «жашыл экономика» принциптерине өтүү боюнча жасалып жаткан кадамдар тууралуу маалымат берип, германдык тарапты бул багытта Борбордук Азия өлкөлөрү менен активдүү кызматташууга чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK