Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Вена Дипломатиялык академиясынын ректору Эмил Брикс менен жолугушту

2022-жылдын 8-июнунда Вена шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин Эки тараптуу кызматташуу боюнча кыргыз-австрия ТИМдер аралык консультацияларынын кезектеги раундуна катышуусунун алкагында ал Вена Дипломатиялык академиясынын ректору Эмил Брикс менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Австриянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы менен Вена Дипломатиялык академиясынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Атап айтканда, министрдин орун басары А.Молдогазиев Кыргыз Республикасы менен Австриянын ЖОЖдорунун ортосунда байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ушуга байланыштуу австрия тарапты түз байланыштарды түзүү жана университеттер аралык кызматташтыкты бекемдөө максатында Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын жана Австриянын ЖОЖдорунун ректорлорунун конференциясын (форумун) өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды.

Мындан тышкары, австрия тарапка Вена Дипломатиялык академиясында кыргызстандык студенттердин билим алуусу үчүн Кыргызстанга квота берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды. Министрдин орун басары А.Молдогазиев тарабынан Европадагы эң эски жана эң абройлуу окуу жайлардын бири болгон Вена Дипломатиялык академиясынын тажрыйбасын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдору менен Вена Дипломатиялык академиясынын ортосунда окутуучулук тажрыйба алмашуу боюнча кызматташуу, илимий изилдөөлөр менен алмашуу, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргыз Республикасында жана Австрияда биргелешкен конференцияларды, тегерек столдорду жана семинарларды өткөрүү сунушталды.

Ошондой эле Вена Дипломатиялык академиясынын ректору Э.Брикс Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы тарабынан ЕККУнун колдоосу менен үстүбүздөгү жылдын августунда Кыргызстанда уюштурула турган Жаш дипломаттардын VI Эл аралык жайкы мектебине окутуучу катары катышууга чакырылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK