Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын орун басары Джон Марк Поммершайм менен жолугушуусу болуп өттү

Ушул жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин КР жана АКШ ортосунда кезектеги эки тараптуу консультацияларына катышуу үчүн Бишкекке келген АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын орун басары Джон Марк Поммершайм менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар күн тартибиндеги негизги маселелерди жана кыргыз-америкалык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Тактап айтканда, тараптар С5+1 механизминин алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү, бизнес, инвестиция, адам укуктары жаатындагы кызматташуу маселелерин карашты.

Мындан тышкары, маектешүүчүлөр учурдагы геосаясий кырдаал, ошондой эле аймактык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашышты.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча мындан аркы биргелешкен иштерди жүргүзүүгө өз ара каалоолорун ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK